Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-июлу № 5
Ала-Бука айылдык Кеңешинин аймагындагы УШКлардын курамын жана чек араларды бекитүү жөнүндө
Ала-Бука айылдык Кеңешинин аймагындагы УШКлардын курамын жана чек араларды карап чыгып жана талкуулап, Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 6 -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айылдык Кеңешинин аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамы жана чек аралары төмөнкү курамда бекитилсин.
2. Ала-Бука айылдык Кеңешинин аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жана чек араларын бекитип берүү жагы Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөгө алууну өзүмө калтырамын.
Төрага | М. Мамырбеков |