Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-июлу № 6
Ала-Бука айыл аймагынын мал-чарбасын жана базарларды өнүктүрүү долбооруна сунушталган долбоорлорду жактыруу жөнүндө
Ала-Бука айыл аймагындагы айылдарда өткөрүлгөн жыйындардын жыйынтыгы менен Ала-Бука айыл аймагы боюнча 5(беш) долбоор: 2(эки) даана айыл чарба техникасы шаймандары менен,“Чыткоол” участкасына жуут, кыркым, мал суу ичүүчү жай жана 4(төрт) даана боз үй сатып алуу долбоорлору приаритеттүү деп айыл башчылардын берген маалыматына таянып, Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI -чакырылышынын кезектеги 6- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл аймагы боюнча 5(беш) долбоор: 2(эки) даана айыл чарба техникасы шаймандары менен,“Чыткоол” участкасына жуут, кыркым, мал суу ичүүчү жай жана 4(төрт) даана боз үй сатып алуу долбоорлору жактырылсын.
2. Ала-Бука айыл аймагынын мал-чарбасын жана базарларды өнүктүрүү долбооруна сунушталсын.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ала-Бука айыл аймагынын башчысы М.Дооранбек уулуна жана айылдык Кеңешинин агрардык маселелер,СПА,суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |