Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры № 27-24/8
Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекованын, 2018-жылдын 5-октябрындагы, кир.№01-7/448 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), төмөнкʏ акча каражаттарына жылдырууларды жʏргʏзсʏн: 52 100 (элʏʏ эки миӊ бир жүз) сом акча каражатын, 3112 (башка эмеректерди жана жабдууларды сатып алуу) беренесинен, 2222 (жабдууларды жана материалдарды сатып алуу) беренесине, 27 300 (жыйырма жети миӊ үч жʏз) сом акча каражатын, 2221 (имараттын учурдагы оӊдоо иштери) беренесинен 3111 (имараттын капиталдык ондоо иштери жана тʏзʏлʏштөрʏ) беренесине;
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова), Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.А.Айсаракунов |