Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-сентябры № 1
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн Ала-Бука айылындагы борбордук көчөлөрүнө 15 тоннадан ашык жүк жүктөлгөн автоунаалардын кыймылына тыюу салуу жөнүндө
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн Ала-Бука айылынын тургундарынын арызын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамынын 17,18,19,22-статьяларынын, тийиштүү мамлекеттик органдардын корутундуларынын негизинде Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн Ала-Бука айылынын С.Ибраимов көчөсүнө Кулуев көчөсүнүн кошулган жерден С.Ибраимов көчөсүнүн Токтогул көчөлөрүнүн кесилишкен жерге чейин,Мамырбеков көчөсүнүн Т.Сартманбетов көчөсү кошулган жерден Мамлекеттик салык кызматынын Ала-Бука району боюнча башкармалыгынын имараты жайгашкан жерге чейин, Дүйшембиева көчөлөрүнө 15 тоннадан ашык жүк жүктөлгөн автоунаалардын кыймылына тыюу салынсын.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дооранбек уулуна жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |