Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-сентябрь № 2
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн Сары-Талаа айылындагы Ала-Бука сайга экологиялык пост куруу жөнүндө
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн Сары-Талаа айылынын тургундарынын арызын карап чыгып жана талкуулап,Сары-Талаа айылынын башчысы И.Дадаевдин маалыматын угуп жана талкуулап,жаратылыш байлыктарын,арча-токойлорду,экологиялык тазалыкты сактап калуу максатында Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн Сары-Талаа айылындагы Ала-Бука сайга экологиялык пост орнотулсун.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дооранбек уулуна жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |