Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-сентябры № 3
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн Ала-Бука айылындагы борбордук базардын жана автоунаа токтотуучу жайлардын тегерегиндеги маселелерди кароо жөнүндө
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн Ала-Бука айылындагы борбордук базардын жана автоунаа токтотуучу жайлардын тегерегиндеги маселелер боюнча сунушун карап чыгып жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын “Автомобиль жолдору жөнүндө”Мыйзамынын 7,12,13,16-статьяларынын негизинде Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Сартманбетов көчөсүнүн боюнда соода жүргүзүп жаткан сатуучулар базардын дарбазасынын ичкери жагына киргизилсин, аталган көчөнүн боюндагы тратуарларга чыгып кеткен сатуучулар, тамак-аш бышырган ашканалардын ээлери тратуарларды бошотушсун, Т.Сартманбетов көчөсүн толугу менен ачып, Т.Сартманбетов көчөсүнүн Ж.Дүйшөмбиева көчөсүнүн кесилишкен жеринин оң бурчундагы жеке менчик унаа токтотуучу жайга Ала-Бука айылынын ичинде каттаган таксисттер, Дүйшембиева көчөсүндөгү турган бардык таксисттер киргизилсин жана патент төктүрүлсүн.Ал эми азыркы учурда ал жерде каттап жаткан Ак-Там, Жапа-Салды, Баймак, Кош-Алмурут багыттары боюнча таксисттерди дан базарга жылдырылсын. “Тургунбек”соода борборунун тушунда турган таксисттерди мурунку мал базарга жайгаштырылсын. “Бурма-Апа” соода борборунун тушунан эски аялдамага чейинки жолдун оң жагына Өрүктү, Жой-Белент айылдарына каттаган таксисттерге унаа токтотуучу жай кылуу жана патент алдырып, салык төктүрүлсүн.
2. Токтомду аткаруу жагы тиешелүү мекеме уюмдарга милдеттендирилсин.
3. Дүйшембиева көчөсүндө жайгашкан жеке менчик автоунаа токтотуучу жайдын ээси А.Ызабековго аталган жер аянтында жайгашкан төрт контейнерди алуу жана жерди такси токтотуучу жай кылуу милдеттендирилсин
4. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | М. Мамырбеков |