Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-сентябры № 4
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн Ала-Бука айылындагы борбордук көчөлөрүнө 15 тоннадан ашык жүк жүктөлгөн автоунаалардын кыймылына тыюу салуу жөнүндө
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн сунушун жана Ала-Бука айылынын тургундарынын арызын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамынын 17,18,19,22-статьяларынын, тийиштүү мамлекеттик органдардын корутундуларынын негизинде Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн Ала-Бука айылынын С.Ибраимов көчөсүнө Кулбаев көчөсүнүн кошулган жерден С.Ибраимов көчөсүнүн Токтогул(соц.фонддун имаратынын тушу) көчөлөрүнүн кесилишкен жерге чейин 5 тоннадан ашык жүк жүктөлгөн автоунаалардын кыймылына тыюу салынсын.
2. Мамырбеков көчөсүнүн Т.Сартманбетов көчөсү кошулган жерден(аймактык оорукана)Райондук салык кызматынын имараты жайгашкан жерге чейин, Дүйшембиева көчөлөрүнө 15 тоннадан ашык жүк жүктөлгөн автоунаалардын кыймылына тыюу салынсын.
3. Токтомду аткаруу жагы Ала-Бука райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча бөлүмүнө милдеттендирилсин.
4. Токтом Ала-Бука райондук мамдекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын Ала-Бука айыл өкмөтүнө милдетендирилсин жана көзөмөлдөө жагын айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |