Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-сентябры № 5
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн Ала-Бука айылындагы “Жылдызча”мектепке чейинки билим берүү уюмунун дарбазасын куруу жөнүндө
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн Ала-Бука айылынын “Жылдызча”мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси Т.Качкынбаеванын маалыматын угуп жана талкуулап,Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн Ала-Бука айылынын “Жылдызча”мектепке чейинки билим берүү уюмунун дарбазасын куруу үчүн 40000(кырк миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин.
2. Ажыратылган акча каражатын которуу жагы ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу Э.Карабаевге милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик админристрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет,экономика,инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |