Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-сентябры № 6
“Ала-Бука-Тазалык” муниципалдык ишканасынын таштандыларды чыгаруу боюнча тарифтерин жана аталган муниципалдык ишкана жайгашкан имаратты Ала-Бука айыл өкмөтүнүн балансынан “Ала-Бука-Тазалык” муниципалдык ишканасынын балансына убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө
“Ала-Бука-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Стамалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап,Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ала-Бука-Тазалык” муниципалдык ишканасынын таштандыларды чыгаруу үчүн тарифи ар бир үйгө жылына 250(эки жүз элүү) сом бекитилсин.
2. “Ала-Бука-Тазалык” муниципалдык ишканасы жайгашкан имаратты Ала-Бука айыл өкмөтүнүн балансынан “Ала-Бука-Тазалык” муниципалдык ишканасынын балансына убактылуу пайдаланууга өткөрүлүп берилсин.
3. Айыл өкмөттөгү жамааттар менен келишимдерди түзүү “Ала-Бука-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчисине жүктөлсүн.
4. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын с alabuka.kg айтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин өндүрүш,транспорт,коммуникация,тазалык жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |