Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-сентябры № 7
“Иштамберди” фирмасынын жана “Балды-Ата” ЖЧКсынын ишмердигин текшерүү боюнча убактылуу комиссия түзүү жөнүндө
Ала-Бука айылдык Кеңеши “Иштамберди” фирмасынын жана “Балды-Ата” ЖЧКсынын ишмердигин текшерүү боюнча убактылуу комиссия түзүү жөнүндө айылдык Кеңештин төрагасынын сунушун угуп жана талкуулап,Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Иштамберди” фирмасынын жана “Балды-Ата” ЖЧКсынын ишмердигин текшерүү боюнча убактылуу комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн:
Рысматов Акыл-комиссиянын төрагасы
Мүчөлөрү:
Атаматов Кылыч-айылдык Кеңештин депутаты
Максымбеков Абдыкерим-айылдык Кеңештин депутаты
Батырбеков Эркин-айылдык Кеңештин депутаты
Турсунбаев Эркинжан-айылдык Кеңештин депутаты
Стамов Асылбек-айылдык Кеңештин депутаты
Иманбеков Раимбек-айыл өкмөтүнүн жер адиси
Жеенкулов Мырзагул-айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси
Чотбаев Гүлжигит-айыл өкмөтүнүн адиси
2. Комиссия курамын толук кандуу иштөөсүн камсыз кылуу жана текшерүүнүн жыйынтыгын келерки сессияга сунуштоо комиссиянын төрагасына милдеттендирилет.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | М. Мамырбеков |