Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-сентябры № 8
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетиндеги айрым беренелерге 2018-жылдын III-кварталына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Э.Карабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетиндеги айрым беренелерге 2018-жылдын III-кварталында төмөнкүчө өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Код №70111 аппараттын 2215 беренесинен 200000 сом кыскартылсын.
Код №70111 аппараттын 2211 беренесине 100000 сом кошуп берилсин.
Код №70111 аппараттын 2512 беренесине 100000 сом кошуп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысына, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Э.Карабаевге милдеттендирилсин.
4. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик админеистрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |