Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-сентябры № 9
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетиндеги айрым беренелерге 2018-жылдын III-кварталына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Э.Карабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетиндеги айрым беренелерге 2018-жылдын IV-кварталында төмөнкүчө өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Код №70111 аппараттын 3111 беренесинен 322954 сом кыскартылсын.
Код №70111 аппараттын 2512 беренесине 322954 сом кошуп берилсин.
3. 2512 субсидия беренесине бөлүнгөн 322954 сом акча каражаты Ала-Бука айылындагы 30,32,33 турак үйлөрдүн канализацияларын оңдоо үчүн “Ала-Бука водоканал” муниципалдык ишканасына которуп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысына, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Э.Карабаевге милдеттендирилсин.
5. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
6. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |