Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры № 27-24/9
Каракол шаарынын мэри А.Ж.Каниметовдун, 2018-жылдын 24-октябрындагы, кир.№01/7-477 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), Каракол шаары боюнча ӨКМдин №15 өрткө каршы бөлүмүнүн материалдык-техникалык базасын чыӊдоо үчүн, 2017-жылдын бюджетинин аткаруусунун жыйынтыгы боюнча, 2018-жылдын башындагы эркин калдыктын акча каражаттарын бөлүштүрүүдө, ӨКМдин иштерин аткарууга мурда бөлүнгөн акча каражаттын эсебинен, 196 000 (жүз токсон алты миӊ) сом акча каражатын, бөлүп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова), Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.А.Айсаракунов |