Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-сентябры № 11
Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айылындагы Т.Жоробаев көчөсүнүн тургуну Хамидов Айбек Худайбердиевичке материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айылынын тургуну Хамидов Айбек Худайбердиевичтин турак-жайы начар жерде жайгашкандыктан жана ал жерге азыркы учурда базар куруу пландаштырылып жаткандыктан, ошондой эле анын үй-бүлөсү начар шартта жашагандыгына байланыштуу ага башка жактан бардык шарты бар турак-үй жер аянты менен сатып берүү боюнча Ала-Бука айыл аймагынын депутаттары карап чыгып жана талкуулап Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айылындагы Т.Жоробаев көчөсүнүн тургуну Хамидов Айбек Худайбердиевичке турмуш-шарты начардыгына байланыштуу Ала-Бука айылынан 2 млн сомго чейин турак-жай, жер аянтчасы менен сатып алып берилсин.
2. Анын азыр жашап жаткан эски үйүн депутаттык комиссия көз карандысыз үй баалоочулар менен кошо барып баалашсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысына, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Э.Карабаевге милдеттендирилсин.
4. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ала-Бука айылдык Кеңештин агрардык маселелер, СПА, суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Мамырбеков |