Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-сентябры № 12
Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айылындагы борбордук базарды башка жака жылдыруу жөнүндө
Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айылындагы борбордук базарды башка жака жылдыруу боюнча Ала-Бука айыл аймагынын депутаттары сунуштаган кароосуз таштанды таштоочу жайга айланган Сапалак-Сай айылындагы жерди карап чыгып жана талкуулап Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айылындагы борбордук базарды Ак-Чыбырсай тилкесине жылдыруу максатында, Курманжан-Датка көчөсүнүн уландысын акырына чейин тегиздөө иштерин жүргүзүү башталсын.
2. Ушул эле жер аянтынын тушундагы Т.Жоробаев көчөсүнүн акыркы батыш тарабындагы дөңсө кесилип алынсын жана андан чыккан топурак аталган жер аянтына тегизделип жайылсын.
3. Жерди базарга ылайыкташтыруу боюнча тийиштүү иш-кагаздары даярдалсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысына, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Э.Карабаевге милдеттендирилсин.
5. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
6. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ала-Бука айылдык Кеңештин агрардык маселелер, СПА, суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Мамырбеков |