Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-ноябры № 1
Жалал-Абад областынын Ала-Бука райондук сотуна имарат жана көп кабаттуу турак жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Ала-Бука райондук соту айылдык Кеңешке жолдогон 21-ноябрь 2018-жылдагы № 694 сандуу кат менен Ала-Бука райондук сотунун имаратында, сот аткаруучулар, техникалык кызматкерлер, сот отуруму өтө турган залдар жетишбегендиктен сот кызматкерлери иш алып барууда көптөгөн кыйынчылыктар жаралып жаткандыгы боюнча жана башка жактан келип иштеген сот кызматкерлерине көп квартиралуу үй курууга жер тилкесин ажыратып берүү боюнча кайрылууну баяндаган айыл өкмөттүн жер адиси Р.Иманбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 8- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад областынын Ала-Бука райондук сотуна админситративдик имаратын жана көп квартиралуу үй курууга Ала-Бука айыл аймака караштуу И.Кулбаев көчөсүнүн түштүк тарабында убактылуу бош жаткан жерден 0,50 га жер аянтын ажыратууга макулдук берилсин.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дооранбек уулуна жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |