Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-ноябры № 2
Ала-Бука айыл аймагынын Достук айылындагы Навои орто мектебинин короо жайынын ичиндеги кичи футбол аянтчасынын ижара акысы жөнүндө
Ала-Бука айыл аймагынын Достук айылындагы Навои орто мектебинин короо жайынын ичиндеги кичи футбол аянтчасынын ээси Аскаралиев Дилшодбектин жана Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жер адиси Иманбеков Раимбектин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-статьясынаажана Жер кодексинин 25-статьясынын негизинде Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 8- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл аймагынын Достук айылындагы Навои орто мектебинин короо жайынын ичиндеги кичи футбол аянтчасынын ижара акысы 1м2 жерге 20 сом белгиленсин. Жана аталган футбол аянтчасынын аянты 0.11 га (1100м2) болгондуктан жылына 22000 (жыйырма эки миң) сом ижара акыга келишим түзүлсүн.
2. Келишимде көрсөтүлгөн акча каражатын которуп алуу жагы айыл өкмөтүнүн кирешелер бөлүмүнүн башкы адисинин милдетин аткаруучу Г.Чотбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дооранбек уулуна жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |