АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги 8- сессиясы
2018-жылдын 22-ноябрь № 3
Достук айылынын тургуну Халматов Абдилхамид Муталиповичтин өз менчигиндеги 0,04 га жер тилкесин мечит куруу үчүн өткөрүп берүү жөнүндө
Ала-Бука айыл аймагынын Достук айылынын “Маданият” жамаатынын тургуну Халматов Абдилхамид Муталиповичтин өзүнүн менчигиндеги Ала-Бука айыл өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-ноябрындагы №169-чечими менен берилген 0,12 га жер тилкесинен 0,04 га жер тилкесин жааматка мечит куруу үчүн ыктыярдуу өз арызына ылайык, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндөгү Р.Иманбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 5-статьясына жана Жер кодексинин 62-статьясынын 4-пунктунун негизинде Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 8- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айылынын “Маданият” жамаатынын тургуну Халматов Абдилхамид Муталиповичтин 14.04.2017-жылындагы №717588 сандуу мамлекеттик актысындагы 0,04 га жер тилкесине курулган мечитти тийиштүү курулмалары менен Ала-Бука айыл өкмөтүнүн муниципалдык мүлкүнө кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дооранбек уулуна жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |