Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-ноябры № 4
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 9 айында аткарылган иштери боюнча айыл өкмөт башчысы М.Дооранбек уулунун отчетун жана Ала-Бука айыл өкмөтүнүн бюджетинин 9 ай аралыгында киреше-чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Э.Карабаевдин отчетун угуу жөнүндө
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 9 айында аткарылган иштери боюнча айыл өкмөт башчысы М.Дооранбек уулунун отчетун жана Ала-Бука айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше-чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Э.Карабаевдин отчетун карап чыгып жана талкуулап, Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги 8- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 9 айында аткарылган иштери жана Ала-Бука айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше-чыгаша бөлүктөрүнүн 9 айында аткарылышы канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |