Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-ноябры № 7
“Ала-Бука водоканал” муниципалдык ишканасына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
“Ала-Бука водоканал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.Кулчуновдун маалыматын угуп жана талкуулап,Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 8 -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ала-Бука водоканал” муниципалдык ишканасына 273000 (эки жүз жетимиш үч миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин.
Код №70111 аппараттын 3211 беренесинен 273000 сом кыскартылсын.
Код №70111 аппарттын 2512 беренесине 273000 сом кошуп берилсин.
2. Ажыратылган акча каражатын которуу жагы ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу Э.Карабаевге милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |