Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-декабры № 20/1
Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу “типтүү жобону бекитүү” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313 беренесин, Кыргыз Республикасынын окмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, “Пробация жөнүндө”, Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдарын ишке ашыруу максатында 2018-жылдын 17-октябрында “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Типтүү жобону бекитүү жөнүндөгү” Агенттиктин № 01-18/126 буйругун жетекчиликке алып аткаруу масатында Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Типтүү жобо бекитилсин.
2. Бекитилген Типтүү жобого ылайык бузуулар боюнча комиссия түзүү айылдык Кеңешке жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Жаңыбаевке тапшырылсын.
4. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А Касейиновко милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ж Дүйшеев |
|