Загрузка документа…
ӨЗГӨН-ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20- декабры № 15/2
Өзгөн шаардык билим берүү мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Азимжановдун маалыматын угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык билим берүү мекемелеринде жүргүзүлүп жаткан иштер канаттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. Шамаматовко:
-окуучуларга сапаттуу билим берүү, бүтүрүүчүлөрдү жалпы республикалык тестирлөөдөн өткөрүүдө максималдуу жогорку баллга жетишүү;
- сабактар боюнча жетишпеген адистерди тактап, тез арада кадр менен толуктоосу;
- окуучулардын сабактарга толук катышуусу боюнча ата-энелер, кварталдык комитеттердин төрагалары жана коомчулук менен тыгыз байланышта иштөө боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу, аны көзөмөлгө алуу;
- билим берүү багытында реформа жасоо боюнча перспективалык пландарды иштеп чыгуу;
- окуучуларды окуу китептери менен толук камсыздоо боюнча конкреттүү чараларды көрүү;
- башка шаарлар, шаардагы мектептер, балдар бакчалары менен тажрыйба алмашуу боюнча иш жүргүзүү;
-1-4 класстардын окуучуларына берилүүчү шашке тамактын сапатын дайыма көзөмөлдөп турууну тийиштүү кызматкерлерден талап кылуу жагы;
-шаардык билим берүү мекемелеринин тазалыгын сактоону, айланасын көрктөндүрүүнү уюштуруу жагын мектеп директорлорунан, балдар бакчаларынын башчыларынан талап кылуу;
- шаардык билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, мектеп окуучуларына, балдар бакчаларынын тарбиялануучуларына жетиштүү шарт түзүү боюнча изденүү жана тийиштүү жерлерге кайрылуу милдеттендирилсин.
3. Шаардык билим берүү мекемелериндеги көйгөйлөрдү тактоо, инфраструктурасын жакшыртуу максатында жумушчу комиссия түзүп, мыйзамга ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарылуучу иштерди титулдук тизмесине киргизүү Өзгөн шаар мэринин милдетин аткаруучу Р. Атаджановго сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешини «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Джалилов |
Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мекемелердин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалымат.
Өзгөн шаардык кеңешинин (IV чакырылышынын) 2018-жылга карата түзүлгөн иш планына ылайык 2017-2018-окуу жылында Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мекемелердин жургүзүп жаткан иштери «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан каралды.
Өзгөн шаарындагы билим берүү мекемелеринин педагогикалык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана «Билим берүү жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамын реализациялоо, «Мугалимдин статусу жөнүндө» мыйзамдарга ылайык, балдарды окутуп тарбиялоо иштеринде бир топ иш аракеттерди жүргүзүп жатат.
Шаар боюнча 2018-жылга 8 мектепте 10262 окуучу билим алып, анда 890 педагогикалык кызматкерлер эмгектенишүүдө.
Кыргыз Республикасынын Конституциясын үйрөнүү жана Конституция тарабынан билим берүү тармагына коюлган талаптардын мектептин иш-чараларынан орун алуусу, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын мектепке реализациялоо боюнча маалыматтар, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Мугалимдин статусу жөнүндө» мыйзамдарын мектепке реализациялоо, мектептин администрациясынын жана мектептин коомдук уюмдарынын бул мыйзамдарды мектепке аткаруу боюнча түзгөн жана аткарган иштери боюнча маалыматтар менен тааныштык.
Мектеп педагогикалык коллективинин мамлекеттик ыйгарым укуктуу, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен байланыштары жана анда мектептеги коомдук уюмдардын ролу, мектеп директорунун мамлекеттик нормативдик укуктук актылар менен иштөөсү жана анын сапаты боюнча маалыматтар шаар билим берүү бөлүмүнөн карап чыгылды. Мектептерде иш-кагаздары менен иштөөнүн жүрүшү, педагогик кеңештердин пландары жана алардын аткарылуусу, педагогикалык кеңештердин протоколдору, алардын аткарылуусу, маселелерди көзөмөлгө коюу жана көзөмөлдөн алуу, кабыл алынган чечимдердин мааниси жана күндүн талабына туура келүүсү, эфффективдүүлүгү, билим берүү кызматкерлеринин өздүк делолору, буйруктар, эмгек китепчелерин сактоо жана өз убагында каттоо карап чыгылды.
Өзгөн шаарында 8 орто мектеп анын ичинен 1 мектеп-гимназиясы, 3 мектепке чейинки, 2 мектеп алдындагы жана 3 мектептен сырткаркы окуу-тарбия мекемелери бар. Окутуу негизинен 2 мектепте кыргыз тилинде, 1 мектепте орус тилинде, 1 мектепте орус-өзбек тилинде, 4 мектепте өзбек тилинде алып барылат. Алардан 4 өзбек тилинде окутула турган мектептердин 1-9-класстарында 19 класс комплектинде 474 окуучуга окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» Мыйзамын аткаруу үчүн шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан төмөндөгү иш-чараларды аткаруу талап кылынат:
-окуу-тарбия мекемелеринин педагогикалык кадрларынын сапат даражасын жогорулатуу боюнча иш-чараларды белгилөө, алардын билим деңгээлин жогорулатуу үчүн конференция, семинар, өз ара тажрыйба алмашуу, педагогикалык конкурстарды уюштуруу, алардын арасында уюштуруу иштерин жүргүзүү;
-мугалимдердин педагогикалык чеберчилигин жогорулатуу максатында алардын курстан өтүү маселелерин эффективдүү чечүү, окуучуларды окуу китептери менен камсыз кылуу үчүн ата-энелер жамааты менен иш жүргүзүүнү күчөтүү;
-окуучулардын сабакка катышуусун жана билим денгээлин жогорулатуу үчүн окуу-тарбия процессин уюштурууга педагогикалык жоопкерчиликти жогорулатуу жана окуучуларга кошумча билим берүүнү керектүү денгээлге көтөрүү;
-олимпиадалык борборлордун ишин күчөтүү;
-окуу-тарбия мекемелеринин материалдык базасын чыңдоо максатында кошумча акча-каражаттарын табуу үчүн Эл аралык фонддор менен иштөөнү күчөтүү.
Өзгөн шаарындагы билим берүү бөлүмдөрүндө 890 мугалим тарификациядан өткөн, алардан 548 (63,7%) мугалим жогорку, 113 (13,1%) мугалим атайын орто билимге ээ болуп, учурда жогорку окуу жайларында сырттан билим алып жаткан мугалимдер да бар. Билим берүү мекемелеринде вакант эсебинен 3 мугалим (химия, музыка, дене тарбия предметтеринен) жетишпейт.
2017-2018–окуу жылында окуучуларды тест суроолору менен иштөөгө үйрөтүү максатында Бабур атындагы орто мектептин базасында 9-10-11-класс окуучулары үчүн октябрь, февраль, апрель айларында ыктыярдуу көнүгүү тест сынагы өткөрүлүп, алардын ар бирине 270 тен 293 ге чейин окуучу катышкан.
Мындан сырткары Бабур жана Амир Темур атындагы орто мектептердин базасында март, апрель айларында 84 окуучуга кошумча окуу уюштурулган.
2017-2018-окуу жылында мектептерде жалпы 340 бүтүрүүчү болсо, анын ичинен 217 (63,8 %) бүтүрүүчү жалпы республикалык тестке катышуу үчүн каттоодон өтүп, тестке катышып, жыйынтыгы төмөндөгүчө болгон:
1. Салижан Шарипов атындагы орто мектепте: тестке катышкан 41 бүтүрүүчүдөн 18 бүтүрүүчү;
2.В.И.Ленин атындагы орто мектебинде тестке катышкан 30 бүтүрүүчүдөн 5 бүтүрүүчү;
3.Бабур атындагы орто мектебинде тестке катышкан 21 бүтүрүүчүдөн 4 бүтүрүүчү;
4.Чынгыз Айтматов атындагы орто мектебинде тестке катышкан 26 бүтүрүүчүдөн 4 бүтүрүүчү;
5.Амир Темур атындагы орто мектебинде тестке катышкан 23 бүтүрүүчүдөн 6 бүтүрүүчү;
6. Алишер Навои атындагы орто мектебинде тестке катышкан 24 бүтүрүүчүдөн 3 бүтүрүүчү;
7. №7 мектеп-гимназиясында тестке катышкан 14 бүтүрүүчүдөн 6 бүтүрүүчү;
8. Курманжан датка атындагы орто мектебинде тестке катышкан 38 бүтүрүүчүдөн 23 бүтүрүүчү босого баллдан өткөн.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын 24-январындагы “2017-2018-окуу жылында мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасын өткөрүү жөнүндөгү” № 72-1 буйругунун жана Жобосунун негизинде олимпиаданын мектептик жана шаардык этабы өткөрүлүп, анын жыйынтыгы менен облустук олимпиадага Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн мектептеринен 24 окуучу катышып, жыйынтыгы төмөндөгүчө болгон:
-Информатика сабагынан Курманжан датка атындагы №8 орто мектептин 11-классынын окуучусу Маматазимов Амантур ээлеп, олимпиаданын республикалык этабына катышкан;
-Орус тили жана адабияты сабагынан В.И.Ленин атындагы №2 орто мектептин 10-классынын окуучусу Абдулхамид кызы Зилола 3-орунду;
-кыргыз тили жана адабиятынан Бабур атындагы №3 орто мектептин 11-классынын окуучусу Хусанова Севара 3-орунду ээлешкен.
Мындан сырткары 2018-жылдын апрель айында Казахстан Республикасынын Алма-Ата шаарында 25 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан “Информатик-Азия-2018» сынагына Курманжан датка атындагы орто мектептин 11-классынын окуучулары Маматазимов Амантур менен Калмаматов Нурбек активдүү катышып, 3-орунду ээлеп коло медалга жана сертификаттарга ээ болушкан.
Окуучулардын китеп менен камсыз болушу шаардык билим берүү бөлүмү боюнча 84,6 %ти түзүп, окутуунун тили боюнча төмөндөгүчө:
- окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектепте -80 %
- окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектепте - 90 %
- окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектепте - 84 %
Билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чындоо, мугалимдерге жана окуучуларга шарт түзүү максатында 2018-жылдын январь айынан май айына чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу мектептерге 299 мин 24 сомдук стол, стул, шкаф, доска ж.б инвентардар алынган. Мындан сырткары, «Эл аралык толеранттык фондунун «Камера балдардын колунда» аттуу доолбор аркылуу В.И.Ленин атындагы орто мектепке 216 мин 317 сомдук оргтехника алынган.
Мектептерде жалпы 149 даана компьютер бар. Окуучунун жалпы саны боюнча эсептегенде 0,016 % ти, информатика сабагы окутула турган (7-9-класс) класстардагы окуучунун саны боюнча эсептегенде 0,062 % ти түзөт.
Башталгыч класстарынын окуучуларынын тамак-ашы боюнча:
Өзгөн шаарындагы мектептерде 2017-2018-окуу жылында 1-4-класстагы 54693 окуучуга шашке тамак берилген. 2017-2018-окуу жылынын 1-жарым жылында 3 млн 42 миң 83 сомдук тамак-аш берилген болсо, 2-жарым жылында 2 млн 289 мин 675 сомдук шашке тамак берилген.
Билим берүү мекемелерин жаны 2018-2019-окуу жылына сапаттуу даярдоо боюнча мектептердин ремонту үчүн мамлекет тарабынан шаардык билим берүү бөлүмүнө 941,1 миң сом бөлүнүп, өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы менен 747 миң 596 сомго түзүлгөн келишимдин жана эсеп-кысаптардын негизинде, мектептер тийиштүү курулуш-ремонт жана лак-краска материалдары менен камсыз кылынган. Андан тышкары, билим берүү мекемелерин күз-кыш мезгилине даярдоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 500,0 миң сом акча каражаты каралып, ремонт иштери жүргүзүлгөн.
2017-2018-окуу жылынын эс алуу мезгилине карата, балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 150,0 миң сом акча каралып, №7 мектеп гимназиясынын базасында 2 патокто ар биринде 60 тан, жалпы 120 балага, мектеп окуучуларынын жайкы эс алуусун уюштуруу иштери пландалып, 2018-жылдын июль айынан баштап ал иштер аткарылган.
Өзгөн шаарындагы билим берүү мекемелеринин курулуш иштери боюнча, республикалык бюджеттин эсебинен 71 млн сомдук, 525 орундуу Алишер Навои атындагы орто мектептин жаңы имаратын жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен 18 млн сомдук 100 орундуу Салижан Шарипов атындагы орто мектебинин кошумча имаратын куруу иштери аягына чыгып, пайдаланууга берилүүнүн алдында турат. Учурда Алишер Навои атындагы орто мектептин курулушунун 70 пайызы бүткөрүлгөн.
2017-2018-окуу жылында мектеп бүтүрүүчүлөрүн жалпы республикалык тестке сапаттуу даярдоо максатында шаар мэриясынын резервдик фондунун эсебинен 51,0 миң сом акча каражатын бөлүп, тесттер боюнча атайын китептерди алып, мектептердин баарына таратылып берилген.
Ошону менен катар, келечек муундарынын сапаттуу билимге ээ болуусу үчүн мугалимдердин билимин өркүндөтүүнүн үстүндө иш алып баруу менен, жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша мугалимдерге материалдык колдоо көрсөтүү жагы пландаштырып жатат.
Мындан сырткары, Өзгөн шаарында балдарга билим берүү борбору, 3 балдар бакчалары бар, балдар бакчаларындагы орун 420 балага эсептелгени менен, учурда 660 бала тарбияланат. Шаарда мектеп жашына чейинки балдардын жалпы саны 6254 баланы түзүп, алардын ичинен балдар бакчасы менен камсыздалганы 14 пайызды түзөт. 2018-жылы “Таштак” кварталында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 90 орунду балдар бакчасы курулушу бүткөрүлүп, комиссия аркылуу пайдаланууга кабыл алуунун алдында турат. Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттин эсебинен «Бахмал» участкасына балдар бакчасын ачуу пландаштырылып, жеке турак жайдын имараттын балдар бакчасына ылайык реконструкциялоо боюнча 1,0 млн сом акча бөлүнүп, учурда реконструкция иштери иштери жүрүп жатат. Ал эми муниципалдык жеке өнөктөштүк ыкмасында “Жаңы-Өзгөн” кварталдык комитетинин аймагында 60 орундуу балдар бакчасы 1-октябрда балдарды кабыл ала баштаган.Ушундай ыкма менен мектеп жашына чейинки балдардын балдар бакчасында тарбия алуусуна шарт түзүү иштери улантылып жатат.
Азыркы учурда инвестиция тартуу жолу менен мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыздоо боюнча иш аракеттер жүргүзүлүп, 2 мектептин окуучулары жаңы окуу жылына карата ысык тамак менен камсыздалган. Калган 6 мектептин окуучуларын ысык тамак менен камсыздоо боюнча долбоорлор даярдалып, тийиштүү шарттар түзүү боюнча иштер алып барылууда.
-А. Навои мектебинде окуучулардын саны 1273, мугалимдердин саны 78 алардын ичинен 12 пенсионерлер эмгектенет. Ата-энелер взносу айына 50 сомдон. Мектепте 11 компьютер иштейт, бир интерактивдүү доскасы бар бирок ал иштебей турат. Спортзалын капиталдык ремонттоо жана айланасын тосмолоо зарыл. Ашканасында жылуулук системасы иштебейт. Мектепте китептер жетишпейт. Китеп ала тургандардын журналы жок. Класстардын абалы начар, ажатканасы да авариялык абалда.
- Гимназия мектебинде окуучулардын саны 536, мугалимдердин саны 36 алардын ичинен 3 пенсионерлер эмгектенет. Взнос топтолбойт. Мектепте 13 комплект компьютер болсо алардын 10 жаңы 3 эски, бир интерактивдик доскасы бар. Таштандыларды таштоочу кутулары жетишпейт, кательнийине 500 кыш коюп, эшик орнотуу керек. Даттануу китебтери ачылган эмес, кол жуучу жери, коридорларунда жарыткычтар жок. Ажатканасы начар абалда. Китептери жетишсиз.
- А. Темур мектебинде окуучулардын саны 1325, мугалимдердин саны 58 анын ичинен 13 пенсионерлер. 9 компьютерлери жана 2 телевизору бар. Стол-стул, интерактивдүү доска, компьютерлер керек. Жылуулук системасынын трубаларын алмаштыруу керек, жакшы иштебейт. Идиштерин жуучу кызматчы жок. Класстарда китептер жетишпейт.
- С. Шарипов атындагы орто мектебинде мугалимдердин саны 70 алардын ичинен 6 пенсионерлер, окуучулардын саны 2057 түзөт. Компьютерлердин саны 15 комплект, интерактивдүү досканын саны 3. Ашканасында эмеректер жетишсиз, Спорт залынын абалы жакшы, бирок эмеректер жетишсиз. Стадионун абалы жаман. Китептери жетишсиз.
- К. Датка атындагы №8 орто мектепте мугалимдердин саны 48, анын ичинен 9 пенсионер. Мектепте фондко акча топтолбойт. Спорт залынын абалы жакшы эмес, спорт эмеректери жетишсиз, ашкана эмеректери жок. Сырт жагын баардык жери чөп басып жатат, суулар агып жатат.
- В.И. Ленин атындагы №2 мектепте мугалимдердин саны 90, пенсионер мугалимдердин саны 14. Окуучулардын саны 1910. Мектепте фонд жок. Акча топтолбойт. Компьютерлердин саны 19, телевизор 2. Мектеп окуучуларынын сабакка катышуусу боюнча 11 “А”, “Б” класстарында 54 окуучу болсо аныгында 30 окуучу сабакка катышып олтурушканын көрдүк. Спорт эмеректери жетишсиз. Мектептин сыртында кылына турган иштер көп мисалы каналдын четин тосмолоо керек, бала бакча ачуу боюнча долбоор жазса болот, аянтчасы (площадка) начар абалда каралган эмес, башталгыч класстардын окуучуларына ойноочу аянтча кылуу керек. Китептери жетишсиз. Мектептин Дарбазасын жаңылоо жана мектепке өтүүчү трассага светофор коюу керек.
- З.М. Бабур атындагы №3 орто мектепте мугалимдердин саны 82, андан 20 пенсионерлер. Окуучулардын саны 1559. Мектепте ремонтко акча топтолбойт. Фонд жок. 10 комплект компьютери, 2 телевизору бар. Математика, информатика, орус тили боюнча окуу китептери жетишпейт. Ажатканасы начар абалда, спорт залын, жыйындар залын полдорун ремонттоо керек, мектептин аянтчасы тегиз эмес. Мектеп окуучуларын катышуусун текшерип көрүү максатында 9 “А” классына кирип көргөнүбүздө 34 окуучунан 17 окуучу сабакка катышканын көрдүк, уул балдары сабак учурунда жок экендиги жана класстагы окуучулардын тийиштүү формалары жок экендиги аныкталды. 700 окуучу тамактана турган жеринде 500 стаканы бар, Стадионуна көчөдөн суу агып кирип жаман абалга келип калат. Эки котельнийден бирин ремонттоо керек. Мектепте китептер жетишсиз.
- Ч. Айтматов атындагы №5 орто мектепте окуучулар саны 2269, мугалимдердин саны 125 алардын ичинен 12 пенсионерлер. Ажатканасы начар абалда, жаңыдан куруу зарыл болууда. 950 окуучу тамактана турган ашканасында 72 стаканы бар, ашканасында эмеректери жок, кранттарынан суу агып жатат. Котельнийин печкасынын бири начар абалда аны ремонттоо зарыл. Спорт эмеректери, канцелярдык товарлары жок.
- Ай Шоола (Чебурашка) №1 балдар бакчасында Балдар саны 260. Тарбиячылар 7, поварлар 3. Балдар бакчасына жардам керек. Мусорго контейнер жок, тратуарлар жаман. Кроваттар жетишпейт. Шкафтар жараксыз, матрастар, постелдер жетишпейт. Бакчага жаңы эмеректерди сатып алуу керек. Бакчага көзөмөлдөө камерасы зарыл.
- Булбулча №3 балдар бакчасында балдардын саны 185. Тарбиячылар 24. Бала бакчага жардам зарыл. Кроваттар, постелдер, матрастар жетишсиз. Шкафтар, стол-стулдар, вешалка, умывалниктер жана көзөмөл камералары зарыл. Бардык балдар бакчаларына камера зарыл. Тратуарларды жаңылоо керек.
- Ай-Мээрим №2 балдар бакчасында балдар саны 241. 31 кызматкерлер эмгектенет. Бардык бала бакчаларга жардам зарылдыгы Өзгөн шаар мэриясына билдирилет. Өрткө каршы тактачасы жок.
- ДОЦто (балдарга билим берүү борбору). мугалимдердин саны 10, алардын 2 пенсионерлер. Окуучулар саны 354. 3-11-класска чейин окуучулар окуйт. Отурган жери шаардык билим берүү бөлүмүнүн имаратында жайгашкан. Окуучулардан 100 сомдон взнос топтолуп, акча банк аркылуу иштетилет. 5 окуу кабинети бар. Окуу кабинети, доска, парта, стулдар жетишпейт. Ремонтко мэриядан акча берилбейт. Компьютерлери иштебейт. Окуучулар үчүн шарт түзүлгөн эмес, ажатканасы жок. Мэрия балдарга билим берүү борборуна жардам берүүсү зарыл.
- ДЮКФПнын (балдар жана өспүрүмдөрдү дене-тарбияга даярдоо клубу) директору В.И. Ленин атындагы №2 орто мектебинин дене-тарбия мугалимдери менен тар бөлмөдө бирге олтурушат. Мугалимдердин саны 14 алардын ичинен 2 пенсионерлер. Окуучулар саны 645. ДЮКФП кызматкерлеринин отурган жери жок. Стол, стул, компьютер жок. Машыктыруу үчүн балдарга спорттук инвентарлар жетишпейт. Кандай шартта балдарды дене-тарбияга даярдайт? Аларга жардам берүү зарыл.
- БЧБда (балдардын чыгармачыл борбору) мугалимдердин саны 11, окуучулар саны 300, 20 группа бар. БЧБ К. Датка атындагы №7 орто мектебинде жайгашкан. Ийримдердин окуучулары Республикалык, облустук конкурстарга, семинарларга катышып турушат. Имарат маселесин карап жабдыктар менен жардам берүү керек.
- Өзгөн шаар билим берүү бөлүмүнүн аппаратында 3 кызматчы, бухгалтерияда 7 кызматкерлер иштейт. Ремонтко, инвентарга мэрия тарабынан акча берилбейт.
«Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу
Шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мекемелердин жүргүзүп жаткан иштеринде кетирилген кемчиликтерин жоюнун үстүндө иш алып баруу сунушталсын жана жүргүзүп жаткан иштери кетирилген кемчилдиктерди эсепке алуу менен каанаттандырарлык деп белгиленсин.
Окуучулардын сабактарга катышуусу боюнча ата-энелер, кварталдык комитеттердин төрагалары жана коомчулук менен тыгыз байланышта иштөө боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу, аны көзөмөлгө алуу жагы шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. Шамаматовко милдеттендирилсин.
Окуучуларга сапаттуу билим берүү, бүтүрүүчүлөрдү жалпы республикалык тестирлөөдөн өткөрүүдө максималдуу жогорку баллга жетишүү боюнча изилденүү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Шамаматовко милдеттендирилсин.
Шаардык билим берүү бөлүмүнө билим берүү багытында реформа жасоо боюнча переспективалык пландарды иштеп чыгуу жагы милдеттендирилсин.
Окуучуларды окуу китептери менен толук камсыздоо боюнча жеткиликтүү иштер алып барылсын.
Предметтер боюнча жетишпеген мугалимдерди даярдоо боюнча иш планы иштеп чыгылсын.
Башталгыч класстар боюнча шашке тамактын сапатын дайыма көзөмөлдөп туруу жагы тийиштүү кызматкерлерге милдеттендирилсин.
Шаардык билим берүү мекемелеринин тазалыгын сактоо, территориясын көрктөндүрүү мекеме жетекчилери тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. Шамаматовко окуучуларга татыктуу тарбия, өнөр, сапаттуу билим жана дене-тарбияны чындоо максатында жогорудагы мекемелердин материалдык техникалык базасын чындоо, керектүү жардамдарды көрсөтүүнү изденүү жагы милдеттендирилсин.
- мугалимдердин сабак өтүүсүн, иш кагаздары менен иштөөсүн катуу көзөмөлгө алышсын.
- сабак өтүүнү. машыктырууну үзгүлтүккө учуратпоо үчүн иш чараларды көрүшсүн.
10. Туруктуу комиссия шаар мэриясына билим берүү мекемелеринин инфраструктурасын жакшыртууну изилденип, мыйзамга ылайык ал иштерди титулга киргизип, жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарууну сунуштайт.
«Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиянын төрагасы:
| Б. Азимжанов |