Загрузка документа…
ӨЗГӨН-ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №15/3
Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XV сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамына ылайык жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 12-декабрындагы №5 протоколунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) 3-бапынын 3.2. пунктундагы "үчтөн экисинен кем эмеси" деген сөздөр "көпчүлүгү" деген сөзгө алмаштырылсын.
2).5-бапы 5.32 пункту менен “шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары шаардык кеңеште бекитилген иш-планга ылайык жана мыйзам менен белгиленген маселелерди өз убагында аткарууга тийиш, жүйөөлүү себептерсиз аткарбаган учурда тийиштүү туруктуу комиссия тарабынан аларга чара көрүү маселеси сессияга сунушталат” деп аныкталсын.
3).7-бапынын 7.6. пункту «Шаардык кеңеште көпчүлүк коалиция таратылган мезгилде мурда бекитилген туруктуу комиссиялардын курамы жаңы комиссиялардын курамы сессияда бекитилгенге чейин шаардык кеңештин иш-планында каралган жана мыйзамдарга ылайык каралуучу маселелерди өз отурумдарында кароого милдеттүү» -деп толукталсын.
4).12-бапынын 12.1. пунктунун алтынчы абзацы «Шаардык кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык. Сессиялардын күн тартибиндеги маселелер кварталдык комитеттердин төрагалары, массалык маалымат каражаттарына жарыялоо аркылуу сессияга 3 күн калганга чейин коомчулукка жеткирилет. Ар бир жаран сессияга 2 күн калганга чейин жараандыгын тастыктоочу документи (паспортунун көчүрмөсү) менен сессияга катышуусун билдирип арыз менен төрагага кайрылса, шаардык кеңеште катталып сессияга катышууга укугу бар.”-деп толукталсын.
5) 12-бапынын 12.4. пунктундагы "2" деген сан "4" деген санга алмаштырылсын.
6) 14-бапынын 14.4. пунктундагы "үчтөн экиси" деген сөздөр "көпчүлүгү" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Джалилов |