Загрузка документа…
ӨЗГӨН-ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №15/4
Өзгөн шаардык кеңешинин «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» жөнүндөгү жобосуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» жөнүндөгү жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 12-декабрындагы №5 протоколунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» жөнүндөгү жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1). 3-беренесиндеги "3" деген сан "5" деген санга алмаштырылсын.
2). 7-беренесиндеги "ардактуу наамын тастыктоочу күбөлүк" деген сөздөн кийин "жана «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» деген жазуу түшүрүлгөн куттуктоо тасмасы" - деген сөз менен толукталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Джалилов |