Загрузка документа…
ӨЗГӨН-ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №15/7
Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин Жобосун бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XV сессиясынын отуруму күн тартибине Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин 2018-жылдын 12-декабрындагы №849 катынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына 2018-жылдын 12-декабрындагы отурумунун №5 протоколунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. МММБ департаментинин Жобосу депутаттардын сунуштарын эске алуу менен тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул Жобону Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Н. Абдурахмановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Джалилов |
I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1. Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментинин (мындан ары МММБ департаменти) ушул жобосу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Кодекстеринин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана аларга тиешелүү болгон ченемдик укуктук актылардын негизинде иштелип Өзгөн шаарында муниципалдык менчигиндеги обөекттерди жана жерлерди башкаруу жана тескөөгө алуу боюнча Өзгөн шаардык мэриясынын ыйгарым укугун ишке ашыруу максатында түзүлүп, өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун колдонот.
2. МММБ департаменти Өзгөн шаарында менчиктештирүүнү жана жер мамилелери тууралуу маселелерди экономикалык-укуктук жактан жөнгө салууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруучу орган болуп, Өзгөн шаардык мэриясынын түзүмүндөгү ыйгарым укуктуу мекеме катары Өзгөн шаардык мэриясы тарабынан уюштурулат.
3. МММБ департаменти "Мекеме" деген уюштуруу-укуктук формадагы юридикалык фирмалык жак саналып, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, штампы, бланктары жана көрүнөө жекелештирилген каражаттары болот (имеет другие средства визуальной индивидуализации).
4. МММБ департементинин өз алдынча балансы, алыш-бериш эсеби жана финансы-кредиттик мекемелерде башка эсептери болот. МММБ департаменти Кыргыз Республикасынын сот органдарында доогер болуп чыгуу менен жоопкер дагы болот.
5. МММБ департаментти (б.а. анын жетекчилиги жана кызматчылары) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Өзгөн шаардык муниципалдык менчигиндеги мүлктү башкаруу маселелеринде жана шаардын мүлкүнө болгон кызыкчылыктарын коргоодо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, Өзгөн шаар мэриясынын тиешелүү документтерине жана ушул жобого ылайык иш жүргүзөт.
6. МММБ департаменти өзүнүн иш-аракетин мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке жактар менен байланыштуу болгон кээ бир иш аракеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык түзүлүүсү керек болгон келишимдердин негизинде жүргүзөт.
7. МММБ департаменти башка юридикалык жактарды түзүүдө жана алардын иш-аракетин уюштурууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катыша алат.
8. МММБ департаментинин фирмалык толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу Департаменти».
- расмий тилде: "Департамент по управлению муниципальной собственностью при мэрии города Узген".
Мекеменин фирмалык кыскартырылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: «Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ Департаменти».
- расмий тилде: "Департамент по УМС при мэрии города Узген".
9. МММБ департаментинин жайгашкан дареги: 723600, Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн шаары, Ленин көчөсү № 117.
10. МММБ департаменти өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча Өзгөн шаар мэриясынын алдында жоопкер жана мэриянын жетекчилигине маалымат, отчет берүүгө милдеттүү.
11. МММБ департаментинин жетекчилиги аткарылган иштер боюнча Өзгөн шаардык кеңешке отчет берет.
12. МММБ департаментинин Жобосу департаменттин жетекчилиги тарабынан иштелип чыгылып, түзүлгөн штаттык бирдиги шаардын мэринин макулдугу менен департаменттин жетекчилиги тарабынан шаардык кеңешке бекитүү үчүн сунуш кылынат.
II. МММБ департаментинин негизги кызмат милдеттери
13. Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
а) Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктөрдү жана жер ресурстарын белгиленген тартипте натыйжалуу башкаруу жана тескөө;
б) менчиктин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар тарабынан өзүнүн ыйгарым укуктарынын жана жарандык-укуктук мамилелердин чектеринде Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарынын сакталышын камсыз кылуу;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Өзгөн шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укуктук актыларынын негизинде Өзгөн шаардык мэриясынын кыймылсыз мүлктөрүн жана башка менчиктин обөекттерин менчиктештирүү чөйрөсүндөгү саясатын ишке ашыруу;
г) шаардык жер саясатты, анын ичинде, шаардык жерлерди, жер үчүн акынын өлчөмдөрүн баалоо жана аларды алуу тартибинин методологиясын жана критейрилерин, шаардык жерлерди жогорку денгээлде натыйжалуу пайдаланууну экономикалык стимулдаштыруу механизмин, экологиялык жактан таза жана рационалдуу, жер пайдалануунун механизмин өзүнө камтыган жер мамилелерин жөнгө салуучу экономикалык - укуктук системаны ишке ашырууну иштеп чыгууда жана камсыз кылууда катышуу;
д) Өзгөн шаарында жер участокторун пайдаланууга укуктарды берүү боюнча арыздарды кароо жана жер маселелери боюнча комиссияга тийиштүү материалдарды, анын ичинде Өзгөн шаарында жер участокторунан пайдаланууга укуктарды берүү боюнча иштерди уюштуруу ;
е) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Өзгөн шаардык жер реформасы боюнча жана архитектуралык-шаар курулушу иш-аракеттери чөйрөсүндө шаардын социалдык-экономикалык программаларын аткарууга алуу.
14. МММБ департаменти Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Өзгөн шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук-ченемдик актылары тарабынан белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү аткарат:
а) автоматташтырылган маалыматтык тутумдарды түзүүнү жана коштоону, Өзгөн шаардык менчик обьекттерин эсепке алуу боюнча маалыматтык ресурстарды топтоону жүзөгө ашырат;
в) Мүлктү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинен Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте кабыл алууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда муниципалдык менчикти түзүүнү жүзөгө ашырат;
г) Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигине тийиштүү болгон кыймылсыз обөекттердин реестрин жүргүзүүнү жүзөгө ашырат. Мамлекеттик каттоо органдарында муниципалдык менчик укуктарды каттоодо Өзгөн шаардык мэриясынын тапшырмаларын аткарат;
д) Өзгөн шаарынын муниципалдык мүлкүн чарба жүргүзүүдө, оперативдүү башкарууда, мөөнөттүү (убактылуу) кайтарымсыз пайдаланууда бекитүүнү жол-жоболоштурат;
е) муниципалдык жана мамлекеттик мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын чарба жүргүзүүсүндө жана оперативдүү башкаруусунда турган жер участокторду кошо, Өзгөн шаарынын муниципалдык мүлкүнүн сакталышын жана багыты боюнча пайдаланышына, муниципалдык мүлктөн мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун, анын ичинде, ижара шартында жана акысыз пайдалануу укугун алган жер участоктор боюнча юридикалык жана жеке жактар тарабынан келишимдердин шарттарынын багыты боюнча пайдаланышына жана сакталышына көзөмөл жүргүзөт жана ага жоопкердикти турмушка ашырат;
ж) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Өзгөн шаардык кеңештин укуктук ченемдик актыларына жана Өзгөн шаардык мэриясынын чечимдерине ылайык Өзгөн шаарынын муниципалдык мүлкүн тескөөнүн жана пайдалануунун белгиленген тартибин бузгандарга тийиштүү чараларды көрүүгө демилгечи болот;
з) жергиликтүү башкаруу органдарынын жетекчилиги менен бирге, же алардын макулдугу менен инвестициялык программаларды иштеп чыгат;
и) Өзгөн шаардык мүлкүн, жер участокторун мыйзамдуу түрдө ижарага берүү боюнча программаларды иштеп чыгат жана бул багыт жөнүндө сунуштарды берет;
й) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен мүлктүк мамилелерди жөнгө салууну иштерин жүзөгө ашырат;
к) чет өлкөлүк өкүлдүктөр, юридикалык жана жеке жактар менен мамилелерде өзүнүн компетенциясынын чектеринде Өзгөн шаарынын кызыкчылыгын белгиленген тартипте көзөмөлдөйт;
л) Өзгөн шаардык мэриясынын кызыкдар түзүмдөрүнүн жетекчилери менен бирдикте мүлктүк маселелер боюнча эл аралык иш-чараларда, Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк обьекттерин реконструкциялоо менен байланышкан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлорду, анын ичинде чет өлкөлүк инвесторлорду тандоодо катышат;
м) Өзгөн шаардык мэриясынын жетекчилигинин тапшырмасы жана макулдугу боюнча чыгып сүйлөйт, ошондой эле Өзгөн шаардык мэриясынын кызыкдар түзүмдөрүнүн жетекчилиги менен бирге Өзгөн шаардык мэриясына тиешелүү болгон мекеме-ишканаларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды берет жана аларды турмушка ашырууга катышат;
н) Мэриянын тапшырмасы жана өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чарбалык коомдордо, чарба коомдорунун уставдык капиталдарындагы акциялар (үлүштөр) боюнча Өзгөн шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун бекитилген муниципалдык менчик боюнча кызыкчылыгын көздөйт;
о) Өзгөн шаардык мэриясынын тапшырмасы боюнча Өзгөн шаарынын ишканаларын жана уюмдарын менчиктештирүү программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана бекитүү үчүн шаардык кеңешке сунуш берет;
п) Өзгөн шаардык мэриясына Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн обөекттерине жана жер участокторуна чектелген буюм укуктарды берүүдөн жана менчиктештирүүдөн шаардын бюджетине түшүүчү каражаттардын болжолун даярдайт, бул түшүүлөрдү камсыз кылуу үчүн тийиштүү чараларды көрөт,
р) Өзгөн шаарынын турак эмес жайлар фондунун обөекттерин сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырат;
с) Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес жайларды, ошондой эле жер участокторун сатуу жөнүндө сунуштарды мыйзамдарга ылайык уюштурат жана жетекчиликке сунуш берет;
т) Өзгөн шаарынын мүлкүнүн наркын көз карандысыз баалоону жүргүзүү боюнча ишти уюштурат;
у) Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигинде турган обөекттерди менчиктештирүү, башкаруу жана тескөө маселелер боюнча укуктук ченемдик актыларды иштеп чыгууга сунуш берет жана инвестиция тартуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгат;
ф) Өзгөн шаарынын мүлкүн менчиктештирүү, башкаруу жана тескөө маселелери боюнча тескөөчү документтерди өзүнүн компетенциясынын чектеринде кабыл алат;
х) Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө Өзгөн шаарынын кызыкчылыктарын жана мүлктүк укуктарын коргоону камсыз кылат;
ц) жер пайдалануучулар менен болгон ижара мамилелеринде Өзгөн шаардык мэриясынын ыйгарым укук органы жана өкүлү болуп саналат;
ч) Өзгөн шаарында жер участокторуна укуктарды берүү маселелери боюнча мэриянын чечимдеринин жана ижарага берүү, сатуу-сатып алуу жөнүндөгү келишимдердин долбоорлорун даярдайт;
ш) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижара шартында мөөнөтүү (убактылуу) пайдаланууга берилүүчү жер участокторду пайдалануу үчүн ижара акыларды эсептөөнү жүргүзөт;
щ) юридикалык жана жеке жактардын аларга жер участокторун берүү жөнүндө арыздарын (өтүнүч каттарын) кароо мөөнөтүн бузууларга жол бербөө жана четтетүү боюнча чараларды көрөт;
ы) Өзгөн шаардык мэриясы тарабынан кабыл алынган чечимдердин негизинде турак аянтка тиешелүү документтерди (а.и. ордер) берүүнү белгиленген тартипте жол-жоболоштурат.
III. МММБ департаменттин негизги кызмат укуктары
15. Шаардын МММБ департаменти төмөнкү укуктарга ээ:
а) өзүнүн компетенциясынын чектеринде Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигин башкарууга, Өзгөн шаарынын жерлерине жана мүлктөрүнө карата келишимдерди, контракттарды жана башка бүтүмдөрдү мыйзамдарга ылайык түзүүгө;
б) Өзгөн шаардык мэриясынын тапшырмасы боюнча мүлктү Өзгөн шаарынын ишканаларына жана мекемелерине чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугун бекитүүгө, ошондой эле кандай жүргүзүүнүн чектерин белгилөөгө;
в) жоопкерчилигинде турган мүлктү камсыздандыруучу коргоону ишке ашырууга багытталган иш-чараларды аткарууга;
г) Өзгөн шаарынын муниципалдык мекемелеринин, уюмдардын жана ишканалардын уюштуруу-укуктук формасын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарын киргизүүгө;
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда чарба коомдорунун акционери катарында Өзгөн шаардык мэриясынын кызыкчылыктарын көздөөгө;
е) муниципалдык менчикте турган, анын ичинде юридикалык жана жеке жактарга ижарага берилген турак эмес жайларды, жер участокторун сатуу жөнүндө Өзгөн шаардык мэриясынын чечимдерин белгиленген тартипте ишке ашырууга;
ж) Өзгөн шаардык мэриясынын ведомстволук карамагындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда муниципалдык мүлктүн пайдаланышы жана сакталышы үчүн документациялык текшерүүнү (ревизияны, инвентаризацияны, аудитти) жүргүзүүнү, ошондой эле башкармалыктын реестрине алынган негизги каражаттардын өз убагында кириштөө үчүн көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууга. Тартип бузуулар болгон учурда мыйзамдарга жана ченемдик-укуктук актыларга ылайык тийиштүү чараларды көрүүгө;
з) өзүнүн компетенциясынын чектеринде шаардын муниципалдык мүлкүн менчиктештирүү, башкаруу жана тескөө чөйрөсүндө мыйзам бузууларын четтетүү боюнча тийиштүү аракеттерди жүзөгө ашырууга, аткаруу органдарынын мыйзамга ылайык келбеген чечимдерин жокко чыгаруу жана күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө демилгечи болууга;
и) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн компетенциясынын чектеринде менчиктин формасына карабастан жер пайдалануучулар тарабынан жол берилген мыйзам бузууларды аныктоого жана аны жоюу же жер пайдалануучунун жер пайдалануу боюнча укугун жокко чыгаруу боюнча иш-чараларды белгилөө жөнүндө шаардык мэриянын жана шаардык кеңештин жетекчилиги менен тыгыз байланыш түзүүгө;
й) ыйгарым укуктуу органдардын алдында жер жөнүндө мыйзамдардын талаптарын, ошондой эле жерлерди пайдалануунун белгиленген режимин бузуу жумуштары менен жүргүзүлүп жаткан өндүрүштүк, жарандык жана башка курулуштарды, обьекттерди эксплуатациялоону, агротехникалык жана токой мелиорациялык жумуштарды токтото туруу жөнүндөөтүнүүгө;
к) жер участокторун пайдалануу маселелери боюнча жер пайдалануучуларга мыйзамдуу көрсөтмөлөрдү берүүгө жана тийиштүү органдарга тартип бузууларды жокко чыгаруу үчүн тийиштүү чараларды колдонуу максатында материалдарды жөнөтүүгө;
л) жер участокторун изилдөө, экспертиза жүргүзүү, текшерүү, жерлерди пайдалануу боюнча иш-чараларды аткаруу жана анын жыйынтыктарын үйрөнүү үчүн адистерди белгиленген тартипте тартууга.
16. МММБ департаменти шаардык мэриянын түзүмүндөгү мекеме-ишканалардын ишмердүүлүгүндө пайдаланылбай турган мүлктөрдү мыйзамдуу түрдө эсептен чыгарат.
17. МММБ департаменти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, бул жободо көрсөтүлбөгөн маселелерди чечүү үчүн кошумча укуктарга ээ.
IV. МММБ департаменттинин жетекчилиги
18. МММБ департаменти Өзгөн шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмү болуп, шаардын мэринин сунушу менен шаардык кеңеш тарабынан бекитилген штаттык-бирдиктердин кызмат орундарынан турат.
19. МММБ департаментинин укуктук-ченемдик ишмердүүлүгүн анын директору башкарат. Директор шаардын МММБ департаментинин жетекчиси болуп эсептелет.
20. МММБ депертаментинин жетекчилиги департаменттин компетенциясынын чегинде чечимдер, тескөөлөр, буйруктар ж.б.у.с. документтерди кабыл алат.
21. Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин техникалык кызматкерлеринен башка бардык кызматчылар муниципалдык кызматчылар болуп саналат.
22. МММБ департаментинин директору кызматына соттолбогон, жогорку билимдүү, мамлекеттик жарандык же муниципалдык кызматта 5 жылдан кем эмес эмгек стажына ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны, Өзгөн шаардык кеңешинин макулдугу менен, шаардын мэри тарабынан дайындалат.
23. МММБ департаментинин директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сыйланат, жазаланат жана шаардын мэринин буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулат.
24. МММБ департаментинин муниципалдык кызматчылары өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгынын негизинде директордун буйругу менен дайындалат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сыйланат, жазаланат жана мыйзамга ылайык директордун буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулат.
25. МММБ департаментинин техникалык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык департаменттин директорунун буйругу менен дайындалат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сыйланат, жазаланат жана директордун буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулат.
26. МММБ департаментинин директору департаменттин ишмердүүлүгүнө, дебитордук-кредитордук документтерге биринчи кол коюу укугу менен финансалык-отчеттук документтерге кол коңт, департементтин өз алдынча балансын уюштурууга, алыш-бериш эсеби жана финансы-кредиттик мекемелерде башка эсептери ачууга, финансалык операцияларды жүргүзүүгө, финансылык жана эсеп тартибинин сакталышына жоопкер. Директор Кыргыз Республикасынын сот органдарында доогер болуп чыгуу менен жоопкер дагы болот. Директор кызматчылардын функционалдык милдеттерин буйрук менен бекитет жана алардын кызмат боюнча билимин жана квалификациясын өркүндөтүү маселелерин чечет. Департаменттин атынан келишимдерди түзөт. Ижара акылардын эсеп-кысаптарын бекитет.
27. МММБ департаментинин кызматкерлеринин эмгек акысын каржылоо шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
28. МММБ департаментинин кызматчыларынын иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
V. МММБ департаментинин мүлкү
29. МММБ департаменти шаардык мэриясынын мекеме-ишканаларынын ишмердүүлүгүн уюштуруу үчүн шаардык бюджеттин эсебинен сатып алынган, бюджеттик эмес булактардан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилиги, шаардын жергиликтүү жамааттардын демилгеси, демөөрчүлөр аркылуу сатып алынган, топтолгон мүлктөрдүн, маалымат ресурстарынын жана автоматташтырылган маалымат системаларынын менчик ээси болуп саналат.
30. МММБ департаментинин мүлкүн ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген, анын өз алдынча балансында чагылдырылган негизги жана жүгүртмө каражаттар, каржы ресурстардан (интеллектуалдык менчиктин обөекттери кошо) түзөт.
VI. Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, МММБ
департаментти кайра уюштуруу жана жоюу
31. МММБ департаментинин жетекчилиги Өзгөн шаардык кеңешинин иш планына ылайык, кеңештин талабы боюнча талап кылынган мезгилде Өзгөн шаардык кеңешине отчет берет.
32. МММБ департаментинин Жобосу департаменттин жетекчилиги тарабынан иштеп чыгылып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эсеп-кысап боюнча боюнча түзүлгөн штаттык бирдиги шаардын мэринин макулдугу менен департаменттин жетекчилиги тарабынан шаардык кеңешке бекитүү үчүн сунуш кылынат.
33. МММБ департаментинин жобосу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүндө катталат. Каттодон өткөн жобо жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын - мэриянын расмий веб-сайтында жарыяланат.
34. МММБ департаментин кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана анда каралган тартипте ишке ашырылат. Жоюлгандан кийин анын мүлкү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте бөлүштүрүлөт. Анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгон документтер Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндөгү" мыйзамына ылайык тиешелүү архивге жетекчилик тарабынан өткөрүп берилет.
МММБ департаментинин директору | Н. Абдрахманов |