Редакцияот 19.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Кара-Суу айылдык Кеңешинин 17-чакырылышынын 4-кезексиз сессиясы

2019-жылдын 19-апрели №4/1

Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3-март 2014-жылдын №114 токтому менен бекиген Жобого ылайык «Кыргызмамжердолбоор» долбоорлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин негизинде Кара-Суу айыл аймагынан айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин 4-кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 05.04.2017-жыылдагы № 31 буйругу менен түзүлгөн жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндөгү жумушчу топ комиссиясынын 20-декабрь 2017-жылдагы Актысы бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер жана турак-жай боюнча башкы адиси М.Абдрахмановго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ж.Иманкулов