Загрузка документа…
КАРА-СУУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын19-апрели №4/4
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн муниципалдык техникаларынын жазгы айдоо-себүүгө карата кызмат көрсөтүү акысынын тарифин бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн «Кара-Суу» өнүгүү муниципалдык ишканасынын жетекчиси К.Иманкуловдун маалыматынын негизинде айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин 4-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагы үчүн муниципалдык техникалардын жазгы айдоо-себүүгө карата кызмат көрсөтүү акысынын тарифи Дың айдоо- 1 га үчүн 1000 сом, 25 л май. Аңыз -700 сом, 20 л май. Огород айдоо 0,1 га үчүн 10 сом, 0,5 л май. Тырмоо- 1 га үчүн -400 сом, 10 л май. Себүү – 1 га үчүн 400 сом, 7 л май. Арык тартуу- 100 м үчүн 70 сом, 1 л май менен бекитилсин.
2. Кара-Суу айыл аймагынан тышкары аймактар үчүн муниципалдык техникалардын жазгы айдоо-себүүгө карата кызмат көрсөтүү акысынын тарифи Дың айдоо- 1 га үчүн 1000 сом, 25 л май. Аңыз – 1 га үчүн 900 сом, 20 л май. Огород айдоо- 0,1 га үчүн 20 сом, 0,5 л май. Тырмоо – 1 га үчүн 450 сом, 10 л май. Себүү -1 га үчүн 450 сом, 10 л май. Арык тартуу-100 м жер үчүн 100 сом, 1 л май менен бекитилсин.
3. Күзгү оруп-жыюуга карата кызмат көрсөтүү акысынын тарифтери кийинки сессияга сунушталсын.
Төрага | Ж.Иманкулов |