Загрузка документа…
КР Кара-Суу айылдык Кеңешинин 2021-жылдын 22-январындагы № 1/3 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КАРА-СУУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин 17-чакырылышынын 4-кезексиз сессиясы
2019-жылдын 19-апрели №4/5
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин Регламентине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин 4-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин Регламентинин 2.2 бөлүктүн 7- пунктунда “Айыл өкмөтүнүн аппаратынын финансы- экономикалык бөлүмүнүн жетекчисин дайындоого жана бошотууга депутаттардын жалпы санынын көпчүлук добушу менен макулдук берүү жөнүндө маселени кароо” деген жери алынып салынсын.
2. Регламенттин 16.11. бөлүгүндө “Сессияга катары менен төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз келбей койгондо ыйгарым укугун токтотуу тууралуу” деген саптары алынып салынсын.
3. Жогорудагы эки бөлүктүн алынып салынган себеби- азыркы учурдагы мыйзамга ылайык келбей калгандыгы белгиленсин.
Төрага | Ж.Иманкулов |
|
|