Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры № 27-24/10
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовдун, 2018-жылдын 20-сентябрындагы, кир.№01-7/421 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туризм, спорт жана жаштардын иштери, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), төмөнкү акча каражаттарын бөлүп берсин:
· Нармухамедова Шахидага, Каракол шаарынын 2017-жылдын бюджетинин аткаруусунун жыйынтыгы боюнча, 2018-жылдын башындагы эркин калдыктын акча каражаттарын бөлүштүрүүдө, ӨКМдин иштерин аткарууга деп мурда бөлүнгөн акча каражаттын эсебинен, 100 000 (жʏз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, сыйлоо жана Буэнос-Айреске (Аргентина), дзюдо боюнча жаштардын олимпиадалык оюндарына катышуусу үчүн;
· Жакшылыков Эржанга, Каракол шаарынын 2017-жылдын бюджетинин аткаруусунун жыйынтыгы боюнча, 2018-жылдын башындагы эркин калдыктын акча каражаттарын бөлүштүрүүдө, ӨКМдин иштерин аткарууга деп мурда бөлүнгөн акча каражаттын эсебинен, 25 000 (жыйырма беш миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, Испанияда өтүүчү, шахмат боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышуусу үчүн;
· Алтынбек кызы Аселге, Каракол шаарынын 2017-жылдын бюджетинин аткаруусунун жыйынтыгы боюнча, 2018-жылдын башындагы эркин калдыктын акча каражаттарын бөлүштүрүүдө, ӨКМдин иштерин аткарууга деп мурда бөлүнгөн акча каражаттын эсебинен, 25 000 (жыйырма беш миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, Грецияда өтүүчү, шахмат боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышуусу үчүн;
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.А.Айсаракунов |