Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-марты №29/1
Дөбөлү айыл аймагынын Кенеш, Алыш айылдарынын суу менен камсыз кылган ички каналдын башын бекемдөө боюнча Габион торчо бөлдүрүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын Кенеш, Алыш айылдырынын суу менен камсыз кылган ички каналдын башын бекемдөө боюнча Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кенеш айылынын күн чыгыш тарабындагы «Чон-Алыш» ички чарбалык канал башындагы суу бөлүштүрүүчү суу жеп кеткен дамба бекемделсин.
2. Аталган бекемдөө иштерине керектелүүчү габион торчолор Нарын райондук мамлекеттик администрациясынан жана Нарын шаары жана Нарын району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн суралсын.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысы бекемдөө иштерин жүргүзүүдө атайын техникалар менен жана керектелүүчү материалдарды алууда 2019-жылга бөлүнгөн бюджеттин эсебинен каржылансын.
4. Бөлүнгөн габион торчолорду жана акча каражаттарын максаттуу пайдалансын жана көзөмөлдөн тез арада иш чараларды уюштурсун.
5. Бул токтомду аткарууну көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Уланбек уулу.Ж |