Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-апрели №30/2
Дөбөлү айылдык аймагындагы Биргелешкен мониторинг жана балоо тобунун Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде айыл өкмөтү тарабынан калкка көрсөтүлгөн кызматтарды Биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айылдык аймагындагы Биргелешкен мониторинг жана Баалоо Тобунун Жобосу бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алып аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У. Алсейитовго жүктөлсүн;
Төрага | Уланбек уулу.Ж |
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХVII-чакырылышынын кезексиз 30- сессиясынын
30/2 токтомуна тиркеме
Биргелешкен мониторинг жана Баалоо тобу жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1 Жобо айылдык аймактын чегинде жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын изилдөө боюнча Биргелешкен мониторинг жана Баалоо Тобунун (мындан ары – Биргелешкен м ониторинг жана Баалоо тобу) ишмердүүлүгүнүн мазмунун жана тартибин аныктайт.
1.2 Биргелешкен мониторинг жана Баалоо тобу жергиликтүү жамаатка берилген кызмат көрсөтүүнүн/жумуштардын сапатына мониторингдик изилдөө жүргүзүү максатында түзүлөт.
1.3 Биргелешкен мониторинг жана Баалоо тобунун мүчөлөрүнүн курамы ыктыярдуу негизде түзүлөт, ага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын адистери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, тартылган адистер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, ишкерлер жана жергиликтүү жамааттын жашоочулары кирет.
1.4 Биргелешкен мониторинг жана Баалоо тобу өз ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча айыл өкмөт башчыга, айылдык кеңештин төрагасына жана жергиликтүү жамаатка отчет берет. Отчеттуулуктун формасын Топтун мүчөлөрү аныкташат.
2. Биргелешкен мониторинг жана Баалоо тобунун компетенциясы
2.1 Биргелешкен мониторинг жана Баалоо тобунун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары болуп төмөнкүлөр эсептелинет:
кызмат көрсөтүүнүн сапатын баалоо;
кызмат көрсөтүүнүн кабыл алынган стандарттарга шайкештигин баалоо;
колдонулган ресурстардын сапатын баалоо;
комплекстүү анализ жана баалоо.
2.2 Биргелешкен мониторинг жана Баалоо тобунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана натыйжалуулугуна мониторингдик изилдөөлөрдү жүргүзөт;
процесске жана жетишилген максаттардын эффективдүүлүгүнө анализ жүргүзөт;
алынган жыйынтыктарды иштетет жана аларга анализ жүргүзөт;
сунуштамаларды иштеп чыгат;
жыйынтыктарды жыйналыштарда талкуулайт;
мониторингдин жыйынтыктарына эсеп жүргүзөт.
2.3 Биргелешкен мониторинг жана Баалоо тобунун укуктары:
кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдөн маалымат алууга;
Биргелешкен мониторинг жана Баалоо тобунун компетенциясына кирген изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн айыл өкмөт башчысынан жана кызматкерлеринен зарыл документтерди жана материалдарды алууга укуктуу.
2.4 Айыл өкмөт башчысына, айылдык кеңештин төрагасына жана жергиликтүү жамаатка мониторингдик изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын берүүгө укуктуу.
3. Биргелешкен мониторинг жана Баалоо тобунун мүчөлөрү
3.1 Биргелешкен мониторинг жана Баалоо тобунун мүчөлөрү укуктуу:
Биргелешкен мониторинг жана Баалоо тобунун иш процессинде өз каалоолорун, шектенүүлөрүн, тыянактарын айтууга;
Биргелешкен мониторинг жана Баалоо тобунун каалаган кызыктырган мезгили ичинде ишинин абалы жана жыйынтыктары жөнүндө маалымат алууга;
Биргелешкен мониторинг жана Баалоо тобунун курамынан каалаган учурда чыгууга.
3.2 Мониторинг тобунун мүчөлөрүнүн милдеттери:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Биргелешкен мониторинг жана Баалоо тобу жөнүндө ушул Жобонун алкагында иш жүргүзүүгө;
топтун жетекчисине өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду берүүгө;
топтун жетекчисинин тескемелерин аткарууга.
4. Биргелешкен мониторинг жана Баалоо тобунун ишмердүүлүгүнүн ченемдик-укуктук коштоосу
4.1Биргелешкен мониторинг жана Баалоо тобу өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин карманууга тийиш.
5. Биргелешкен мониторинг жана Баалоо тобунун ишмердүүлүгүнүн тартиби
5.1 Мониторинг тобун айыл өкмөт башчысы же айылдык кеңештин төрагасы дайындаган төрага жетектейт.
5.2 Топтун курамы беш мүчөдөн кем болбошу керек:
5.3 Мониторинг тобунун курамы жана анын жетекчиси айыл өкмөт башчынын же айылдык кеңештин төрагасынын чечими менен бекитилет.
5.4 Топтун жыйналышы кварталына бир жолудан кем эмес жана/же зарылчылыгына жараша өткөрүлөт.
5.5 Жыйналыштардын протоколуна Мониторинг тобунун жетекчиси жана мүчөлөрү кол коюшат.
6. Биргелешкен мониторинг жана Баалоо тобунун иштөө мөөнөтү
6.1 Топтун иштөө мөөнөтү план-тапшырманын мазмуну менен аныкталат. Эгерде ишмердүүлүгүнүн мөөнөтү аныкталбаса, Мониторинг тобу өз ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчет бергенден кийин ишин токтотот. Мониторинг тобунун иштөө мөөнөтү аны түзүү жөнүндө буйрук менен аныкталат.
7. Мониторингдин натыйжалары
7.1 Мониторингдик изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча Протокол түзүлүп, сунуштамалар иштелип чыгат.