Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры № 27-24/12
Каракол шаарынын вице-мэри Г.Ж.Орозованын, 2018-жылдын 10-июлундагы, кир.№01-7/301 мамлекеттик социалдык буйрутманын программасы жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-2019-жылдарга мамлекеттик социалдык буйрутманын программасы бекитилсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаарынын вице-мэри Г.Ж.Орозовага жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.А.Айсаракунов |