Редакцияот 12.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ ХXII СЕССИЯСЫ

 

2019-жылдын 12-марты №1

 Нарын шаардык муниципалдык жашылдандыруу ишканасынын директору кызмат ордуна Өмүракунов Нарынбек Нурдиновичти дайындоого макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 3-пунктунун 4-пунктчасына, 44-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Нарын шаарынын мэри Э.А.Алымкуловдун сунушунун жана сессияга катышкан жалпы депутаттардын добуштарынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Жаңы түзүлүп жаткан Нарын шаардык жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын директору кызмат ордуна Өмүракунов Нарынбек Нурдиновичти дайындоого макулдук берилсин.

2. Токтомду аткаруу жана Нарын шаардык жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын директору кызмат ордуна Өмүракунов Нарынбек Нурдиновичти дайындоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүү жагы Нарын шаарынын мэри Э.А.Алымкуловго тапшырылсын 

Төрага:

Ж.Ботоканов