Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-марты №17/1
Ийри-Суу айылындагы жайыт жер аянттарына мараторий жарыялоо жөнүндө
Ийри-Суу айылынын тургундарынын 7-февраль 2019-жылдагы жалпы чогулушунун негизинде, Төш-Булак айылынын тургундарынын 21.02.2019-жылдагы №4 токтомунун негизинде, Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө караштуу Ийри-Суу, Төш-Булак айылдарында жайгашкан Арал, Көк-Жайык, Карала-Арча, Төш-Булак, Коңур-Дөбө, Бел, Чыргайлы, Арпа-Тектир, Карагайлуу Булак, Жээк участкаларына, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт башкаруу планына ылайык 5 (беш) жылдык мөөнөткө жайыт жерлерди эс алдыруу максатында мараторий жарыялансын.
2. Мыйзам чегинде иш алып барып, токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
Төрага: | Т.Садыкбеков |