Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-марты №17/2
Ак-Кыя айылындагы жайыт жер аянттарына мараторий жарыялоо жөнүндө
Ак-Кыя айылынын 10-октябрь 2018-жылдагы №2 токтомунун негизинде, Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылында жайгашкан Ичке-Суу, Бөйрөк-Булак, Сары-Талаа, Узун-Гоо участкаларындагы жайыт аянттарына, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт башкаруу планына ылайык 5 (беш) жылдык мөөнөткө жайыт жерлерди эс алдыруу максатында мараторий жарыялансын.
2. Мыйзам чегинде иш алып барып, токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
Төрага: | Т.Садыкбеков |