Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-марты №17/4
Ак-Булуң айылына аукцион өткөрүү үчүн комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
1. Айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булуң айылынын Сасык-Булак участкасындагы КБФнын жерин ижарага берүү үчүн комиссиянын курамын бекитүү максатында Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булуң айылынын Сасык-Булак участкасындагы КБФнын жерин ижарага берүү үчүн төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:-
Комиссиянын төрагасы:Ж.Назарбаев - айылдык Кеңештин депутаты;
Катчысы: К.Садыкова- жооптуу катчы;
Мүчөлөрү: Ж.Ажыбеков - айылдык Кеңештин депутаты;
А.Кожокеева – айыл тургуну;
Т.Өмүров – аксакалдар сотунун төрагасы;
К.Асанбеков – жер, турак жай маселелери боюнча башкы адис;
А.Нурбаев – Ак-Булуң айылынын айыл башчысы;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
Төрага: | Т.Садыкбеков |