Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-марты №17/5
Ак-Кыя айылындагы Жаңы конушка ат берүү жөнүндө
Ак-Кыя айылынын тургундарынын 10-октябрь 2018-жылдагы №2 токтомунун негизинде,Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айылындагы Жаңы конушка көчөнүн аты ушул эле айылдын тургуну, элге эмгеги сиңген (маркум) Мамытов Каракойчунун ысымы берилсин.
2. Көчөнү ирээтке келтирип, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жана табличкаларын илүү Мамытов Каракойчунун үй- бүлөөсүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Садыкбеков |