Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры № 27-24/13
Каракол шаарынын мэри А.Ж.Каниметовдун 2018-жылдын 22-октябрындагы чыг.№1/16-3588, “Суу тʏтʏк” ишканасынын директору К.А.Ишембиевдин 2018-жылдын 22-октябрындагы чыг.№01-6/145 каттарын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХIV сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин 2018-жылдын 27-апрелиндеги “ЕРӨБтун долбоорун ишке ашыруу жөнʏндөгʏ” №27-20/6 токтомун ишке ашыруу максатында, шаардын мэриясына жана “Суу тʏтʏк” ишканасына Европа реконструкция жана өнʏктʏрʏʏ банкы менен (ЕРӨБ) менен 5,5 млн еврону насыя катары жана 4,5 млн еврону грант катары алууга келишим тʏзʏʏгө макулдук берилсин.
2. “Суу тʏтʏк” ишканасынын директору, мэрия менен бирдикте төмөнкʏлөрдʏ аткарууга милдеттендирилсин:
· шаардын суу менен камсыз кылуу тутамын реабилитациялоо боюнча пландарды ишке ашырууга;
· калк арасында сууну ʏнөмдʏʏ пайдалануу жана ичʏʏчʏ сууга, саркынды сууларды алып кетʏʏ ʏчʏн төлөмдөрдʏ убагында төлөө зарылдыгы боюнча тʏшʏндʏрʏʏ иштерди системалуу тʏрдө жʏргʏзʏʏгө;
· ичʏʏчʏ сууну эсептөөчʏ жабдууларды орнотууну улантууга жана бʏтʏрʏʏгө;
· Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин кароосуна ичʏʏчʏ сууга тарифтерди көтөрʏʏ боюнча эсептердин варианттарын даярдап киргизʏʏгө;
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына (Ф.А.Алжамбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.А.Айсаракунов |