Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-марты №17/7
Ак-Кыя айылынын таза суусуна жер берүү жөнүндө
Ак-Кыя айылынын таза суусуна жер берүү максатында Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айылындагы «Тогуз-Булак» участогунан 0,40 га жер аянты №1517 контурдагы, «Көр-Булак» участогунан 0,20 га жер аянты №1705 контурдагы жайыт жерден таза суу куруу үчүн трансформацияга сунушталсын.
2. Мыйзам чегинде трансформацияга чыгаруу боюнча иш алып баруу айыл өкмөтүнүн жер жана турак-жай боюнча адиси К.Асанбековго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Садыкбеков |