Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-марты №17/8
Мал санакты кайра жүргүзүү жөнүндө
01.01.2019-жылга мал санак айрыкча бодо малдарга, жылкыларга толук жүргүзүлгөн эмес. Мунун себеби жылкылар алыскы жайыттарда кыш мезгили болгондуктан толук саноого мүмкүн болбогон. Республиканын деңгээлинде жылкылар идентификация боло элек. Айыл тургундары элдин жайыт акыны төлөбөгөндөр, малды толук каттатпагандары үчүн нааразычылык туулуда.Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы баардык түрдөгү малдарга кайра санак жүргүзүлсүн.
2. Комиссиянын курамына жайыт пайдалануучулар Бирикмесинин адистери, ветеринардык кызматкерлер, депутаттар киргизилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Садыкбеков |