Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-марты №17/9
Атуулдук берүү жөнүндө
Акматалиев Эрназар Кубатбекович 2-июнь 1998-жылы туулган. Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү, эркин күрөш боюнча спорттун чебери, Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча чемпионатынын үч жолку чемпиону Акматалиев Эрназар Кубатбековичке Чет-Нура айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү максатында,Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү, эркин күрөш боюнча спорттун чебери, Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча чемпионатынын үч жолку чемпиону Акматалиев Эрназар Кубатбековичке Чет-Нура айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Садыкбеков |