Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-марты №17/11
«Эки-Нура» жана «Бактыгул-Чабалдай» ИСКАКБларынын 2019-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
«Эки-Нура» жана «Бактыгул-Чабалдай» ИСКАКБларынын 2019-жылга бюджетин угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Эки-Нура» жана «Бактыгул-Чабалдай» ИСКАКБларынын 2019-жылга бюджеттери бекитилсин.
2. 2019-жылдын январь айынан баштап ичүүчү сууга жан башына 15 сомдон, үйүнө суу киргизген тургундарга жан башына 20 сомдон тариф бекитилсин.
3. Бекитилген тариф боюнча иш алып баруу «Эки-Нура» жана «Бактыгул-Чабалдай» ИСКАКБларынын башчыларына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Садыкбеков |
"Эки-Нура" ИСКАКБсынын 2019-жылга бюджети
Орто-Нура жана Чет-Нура айылында таза суу пайдаланган 1490 адам каттоодо катталган.
Таза суу үчүн төлөөчү накта калктын саны 1450 адам.
Көчөдөн алып суу пайдалануучулар айына жан башына 15 сомдон акы айына алынат.
Үйүнө суу киргизгендер айына жан башына 20 сомдон акы төлөйт.
1 айга план боюнча 15000 сом чогултулушу керек. Жылына 180000 сом.
«Эки Нура» ИСКАКБ сында 5 адам эмгектенет, (кароолчуну кошкондо) 5 жумуш орду бар:
1 Жетекчи; 2 Оператор; 1 Бухгалтер; 1 Кароолчу
1) Эмгек акы : Жетекчисинин айлыгы 2500
Бухгалтеринин айлыгы 3100
Операторлордун айлыгы 2500 сомдон 5000 сом эки адамга
Кароолчу: 1000 сом
Ай сайын 11600 сом эмгек акыга бөлүнөт. Жалпы 12 айга 139200 сом жумушчулардын эмгек акысы.
2) Соц.фонд үчүн төлөм: 24012сом
3) Несельхоз: 1230 сом
4) Налог с продаж : 5400сом
5) Земельный налог: 0
6) Налог на имушество: 55сом
7) Канц.товар үчүн төлөм: 1000сом
8) Командировка чыгымдары: 2000сом
9) Башка чыгымдар жана банктык төлөмдөр: 1000сом
10) Учурдагы ремонт: 6103 сом
Бир жылга жалпы чыгым: 180 000 сом
"
«Эки-Нура» ИСКАКБсынын төрагасы: | К.Жумабеков |
Бухгалтери: | И.Сатыев |
"Бактыгул-Чабалдай" ИСКАКБсынын 2019-жылга бюджети
Ийри-Суу айылында - 995 адам каттоодо катталган.
Таза суу үчүн төлөөчү накта калктын саны 600 адам.
1. Жан башына 15 сомдон акы айына алынат. 600 адам * 15 сомө9000 сом
2. Айына 9000 сом чогулушу керек. Жылына 108 000 сом
3. Эмгек акы: Жетекчинин айлыгы 2000 сом
Бухгалтердин айлыгы 2000 сом
Оператордун айлыгы 2000 сом
Жалпысы: 6000 сом* 12 ай ө 72 000 сом
4. Соц.фонд үчүн төлөм: 12420 сом
5. Несельхоз: 3570 сом
6. Налог с продажа: 3240 сом
7. Жер салык: 4700 сом
8. Канц.товар үчүн төлөм: 1200 сом
омандировкалык чыгым: 3000 сом
10.Башка чыгымдар жана банктык төлөмдөр: 1500 сом
Бир жылга жалпы чыгым: 108 000 сом
«Бактыгул-Чабалдай» ИСКАКБсынын төрагасы: | К.Өмүрзаков |
Бухгалтери: | Б.Кыштообаева |