Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-марты №17/13
Айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан айыл чарба жерлерин жана муниципалдык жерлерди инвентаризациялоо жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясынын 31-май 2016-жылдагы №27/4 токтому айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан айыл чарба жерлерин жана муниципалдык жерлерди инвентаризациялоо аткарууга алынган эмес Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясынын 31-май 2016-жылдагы №27/4 токтому аткарууга алынсын.
2. Инвентаризация жүргүзүү үчүн ар бир айылга түзүлгөн жер комиссиясына депутаттарды кошуу менен иш алып баруу айыл өкмөтүнүн турак-жай жана жер боюнча башкы адис К.Асанбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Садыкбеков |