Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-марты №21
Чет-Нура айыл аймагынын 2019-жылдагы жыл башынан калган акча каражатын чыгымдоо жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын 2019-жылдагы жыл башынан калган акча каражатын бөлүштүрүү максатында Чет-Нура айыл аймактык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, ФЭБнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айылдык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын протоколу толуктоо жана өзгөртүүлөр менен бекитилсин.
2. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жыл башынан калган калдык акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалсын:
№ | Статья | Чыгаша бөлүктүн аткарылышы | Сумма (миң сом) |
1 | 2214 | Транспорт чыгымдары | 80,0 |
2 | 2215 | Башка чыгымдар жана кызматтар | 409,9 |
3 | 2217 | Медикамент алуу | 10,0 |
4 | 2221 | Учурдагы ремонт үчүн чыгымдар | 229,1 |
5 | 2222 | Материалдарды жана буюмдарды алуу | 169,0 |
6 | 3111 | Имараттар жана каналдар | 715,3 |
7 | 3112 | Машиналар жана камсыз кылуулар | 188,0 |
|
|
| 1801,3 |
Баары-1801,3 миң сом (Бир миллион сегиз жүз бир миң үч жүз сом).
3. Чет-Нура айыл аймагына караштуу бала бакчаларынын атайын каражаттарынын 2019-жылдын жыл башынан калган калдык акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалсын:
№ | Статья | Чыгаша бөлүктүн аткарылышы | Сумма (миң сом) |
1 | 2218 | Тамак аш алуу | 180,3 |
Баары- 180,3 миң сом (Бир жүз сексен миң үч жүз сом)
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Ибраевага тапшырылсын.
Төрага: | Т.Садыкбеков |