Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-апрели №18/3
Орто-Нура айылындагы Жаңы конуштун көчөлөрүнө ат берүү жөнүндө
Орто-Нура айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун негизинде Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Нура айылындагы Жаңы конуш участкасындагы мечиттин артындагы биринчи көчөгө (маркум) Исаков Кадырдын (ысымы) аты берилсин.
2. Орто-Нура айылындагы Жаңы конуш участкасындагы үчүнчү көчөгө (маркум) Мүсүрканов Нарынбектин (ысымы) аты ыйгарылсын.
3. Көчөлөргө шагыл төгүп, оңдоп-түзөө, свет орнотуу, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жана табличкаларын илүү Исаков Кадырдын жана Мүсүрканов Нарынбектин үй- бүлөөлөрүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Садыкбеков |