Редакцияот 10.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 10-декабры № 27-25/1

Каракол шаарынын биринчи вице-мэрин бекитүүгө макулдук берүү жөнʏндө

 

Каракол шаарынын мэри А.Ж.Каниметовдун, 2018-жылдын 4-декабрындагы, чыг.№1/16-4060 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 3-пунктунун 4-подпунктунун негизинде, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз ХХV сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каракол шаарынын биринчи вице-мэрлигине Өскөнбаев Сеит Садыровичти, 3 айлык сыноо мөөнөтү менен, бекитүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

3. Токтом ММКларда жарыялансын.

4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Мамбетов) жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Э.А.Айсаракунов