Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-майы №38/1
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинин 3111 статьясынын 31113390 элементинен үном болуп калган 173 975 сом акча каражатын 2215 статьясынын 22154900 элементине которуу жөнүндө.
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңештин төрагасы У. Мокешовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинин 3111 статьясынын 31113390 элементинен үнөм болуп калган 173 975 сом акча каражаты 2215 статьясынын 22154900 элементине которулсун;
2. Бөлүнгөн акча каражаты атайын түзүлгөн смета расходко ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка которуу боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага: | У.Мокешов |