Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-майы №38/3
Ак-Муз айылдык Кеңештин 18.02.2019-жылдагы № 34/4 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Султанбек уулу Саматтын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айылдык Кеңештин 18.02.2019-жылдагы № 34/4 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылы чогулган акча каражаттынын 3/1 бөлүгү 2019-жылга жайыт инфраструктурасын жакшыртууга жайыт комитетине которулуп берилсин;
2. Бөлүнгөн акча каражаты атайын түзүлгөн смета расходко ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка которуу боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага: | У.Мокешов |