Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-майы №38/4
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын кайрылуусу жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Султанбек уулу Саматтын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын Ак-Сай өрөөнүндөгү “Көк-Кыя” участкасына караштуу жайыт жерлерине Кендирбаев Таалайбек корукчу болуп бекитилип, коруктан түшкөн акча каражаттын 50 пайызы айлык акыга төлөнүп берилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага: | У.Мокешов |