Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-майы №38/5
«Энергоресурсы Тянь-Шань» фирмасынын кайрылуусу жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасы У. Мокешовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Энергоресурсы Тянь-Шань» фирмасына Ак-Муз айыл аймагынын Ак-Сай өрөөнүнөн 75,5 га жер аянтына геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин;
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага: | У.Мокешов |